Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемеси интервенция өткөрүп, 62 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул жыл башынан берки онунчу тескери интервенция.

 

Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат. Учурга карата доллардын расмий куну 87 сом 30 тыйын деп орнотулса, евронун курсу – 93 сом 76 тыйын.