Швейцария Кыргызстанга 9 млн доллардан ашык каражат бөлөт

Швейцария өкмөтү Кыргызстанга табигый кырсыктарга туруктуу инфраструктураны куруу үчүн 9 миллиондон ашык доллар бөлөт.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каржылоо Ош, Баткен жана Нарын облустарындагы долбоорлорго багытталат.

Натыйжада, 250 миң эң аялуу үй чарбалары ишенимдүү климаттык прогноздорду алып, мүмкүн болуучу кырсыктарга алдын ала даярданышат.

Программаны 5 жылдын ичинде ишке ашыруу пландаштырылууда.