Сууда сүзүү бардыгына ылайык болгон спорттун универсалдуу түрү деп аталды

Сууда сүзүү бардыгына ылайык болгон спорттун универсалдуу түрү деп аталды. Эксперттердин айтымында, ал улгайган адамдарга, жүрөгү, буттары ооругандарга, бронхит, астма, нерв системасынын бузуулары менен жабыркагандарга жана албетте, ашыкча салмагы барларга ылайыктуу.

 

Суунун ичинде күч жана кардио машыгууларды жасоо дагы пайдалуу.

 

Сүзүү учурунда бардык булчуңдар иштейт, ал эми арка омурткаларга жана муундарга тескеринче, такыр күч келбейт. Ошондой эле сууда сүзүү нерв системасын иретке келтирип, организмдин чыдамкайлыгын арттырат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.