Neuralink компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

Neuralink компаниясы адамдын мээсине чип орнотту. Анын негиздөөчүсү Илон Маск билдиргендей, операция 28-январда жасалган. “Телепатия” аттуу имплант салынган адам телефонундагы, компьютериндеги оюндарды ою менен эле башкарып коет.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин компания экспериментти жаныбарларга жасап көргөн. 2023-жылы бул тажрыйбаны адамдарга да колдонуп көрүүгө уруксат алып, андан бери ыктыярчыны издеп келген.