Бишкектин аянты 37 миң гектарга чейин кеңейет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин 27-декабрдагы отурумунда борборду кеңейтүү планы тууралуу айрым маалыматтарды берди. Анын сөзүнө караганда, долбоор боюнча Бишкектин аянты үч эсе кеңейтилип, 12 миң 900 гектардан 37,8 миң гектар болот.

Ал шаарга сегиз айыл өкмөт жана төрт айыл өкмөттүн айрым айылдары кошуларын айтты. Шаар башчысы кайсы айылдар экенин тактаган жок. Мэр бул иштер президенттин буйругу менен ишке аша турганын кошумчалады.

 

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда 2024-жылы Чүйдүн Сокулук, Ысык-Ата районунун айрым аймактары Бишкекке кошуларын, муну менен Бишкек 2 миллион киши жашаган шаар болорун билдирген.

 

Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Калаада Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов деп аталган төрт район бар.

 

Борбордо мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан. Кыргызстандын бардык өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү орун алган. Шаарда 1 миллиондон ашык калк жашайт.

 

Калаада жол тыгыны, таштанды, суук түшкөндө ыш маселеси байма-бай көтөрүлүп турат.

Садыр Жапаров 2022-жылы 18-октябрда “Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул жарлыктын негизинде облустарда айыл-аймактарды ирилештирүү иштери жүрүп жатат.