Кыргызстандагы үч аэропорт ички каттамдарды кабыл алууга даяр

Кыргызстандын үч аэропорту жаңы сатып алынган учактар менен каттамдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, «Жалал-Абад», «Казарман» жана «Кербен» аймактык аэропортторунда күздөн тарта биринчи ички каттамдар пландалып жатат.

 

Аталган аба майдандарда негизинен учуп-конуу тилкеси толугу менен жаңыртылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.