Нарын шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Нарын шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат.

 

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, жаңы окуу жылдын башталышы менен №9 мектеп каалгаларын ачат.

 

Объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча эки кабаттуу мектепте спорт зал, өтмө галерея, акты залы, ашкана, откана, оюн аянтчасы каралган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.