Караколдо жаңы мектеп пайда болот. Билим берүү мекемесинин имаратынын курулушуна тендерди шаардык мүлк башкаруу кызматы жарыялады. Мектеп Удилов – Валиханов көчөлөр кесилишинде жайгашып, 500 окуучуга чакталат.
Анда атайын галереясы менен спорт зал каралган. Курулушка 200 миллион сом багыттоо пландалууда.