Мектеп окуучуларынын тамактануу ченеми 1-январдан тартып эки эсе көбөйтүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ага ылайык, айрым социалдык мекемелердин тамактануу ченемин этап-этабы менен жогорулатуу максатында 2024-жылга республикалык бюджеттен кошумча 999,4 миллион сом каралган. Бул каражат мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга жумшалат.