Талас районунда жаңы мектеп курулууда

Талас районунда жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Бал-Бал айылында жайгашып,  2 кабаттан турат.

 

Анда окуу процессине ккеректүү бардык зарыл нерселер каралган, ашкана, спорт жана акты залдары дагы бар. Учурга карата курулуш иштери дээрлик 90 пайызга аяктап калды. Аны менен катар мектептин аймагын көрктөндүрүү жумуштары дагы жасалууда.