Ошто 95 үй-бүлө мамлекеттен кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.
Каражат «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында аялуу үй-бүлөлөргө берилди.
Алар эми өз алдынча ишкерлик баштап, турмуш-шартын жакшыртууга аракет кылышы керек.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.