Бишкек мэриясы коомдук транспортко түшүп, бирок жол кирени төлөбөй койгон жүргүнчүлөргө 3 миң сомдук айып салып баштайт. Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, автобус — троллейбустарда көзөмөлдөөчү бригада иштейт. Картаны аппаратка тийгизип төлөгөндөй түр көрсөтүп коюу схемасы эми иштебейт. Көзөмөлчүлөр жүргүнчүнүн картасын алып система аркылуу текшерет.
Эгер төлөбөгөнү аныкталса айыпка жыгылат, — деди Сазыкулов.