Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардам Актөбө облусуна багыт алды

Казакстандагы суу ташкындан улам Кыргызстан жөнөткөн гумжардам 8-апрелде Актөбө облусуна багыт алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектен күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр жылыткычтары, төшөнчө жана чатырлар жүктөлгөн 15 фура 6-апрелде жолго чыккан.

 

Селден жабыркагандарга жардам берүү үчүн куткаруучулар да жөнөтүлгөн. Аларды министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жетектеп баратат.

7-апрелдеги расмий маалыматка ылайык, Казакстанда суу ташкыны башталгандан бери дегенде 72 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Атырау, Актөбө, Акмоло, Кустанай, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Павлодар облустарында 3686 жер үй, 557 короо жана 1822 дача жайлар суунун алдында калды. Жекшембиде Күлсары шаарында эки кишинин сөөгү табылганы кабарланган.

 

Атырау облусунун аймагында табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

 

Куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги жана Улуттук гвардиянын тик учактары тартылды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге телефон чалып, жаратылыш апаатына тынчсызданып турганын айткан.