“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы жаңы техника менен толукталды

“Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы 7 жаңы заманбап атайын техникалуу болду. Алар жергиликтүү бюджеттин жана ишкананын өздүк каражатынын эсебинен сатып алынган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов атайын техникалар менен жабдууларды тапшырып, техникалар ишкананын өндүрүштүк-техникалык базасын чыңдоо менен бирге, шаардын тазалыгын камсыз кылуу, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү жолунда иштердин сапатын да жакшыртаарын белгиледи.

 

Ишканага техниканын төмөнкү түрлөрү сатып алынды:

— көчөлөрдү жууп тазалоочу, Донг-Фенг маркасындагы 2 бирдик чаң соргуч автоунаасы;

— таштанды ташып чыгаруучу (6 куб метр сыйымдуулугу менен) Донг-Фенг маркасындагы 2 бирдик атайын автоунаасы;

— бир тонналык жүк ташуучу 2 электротрицикл;

— таштанды чогултуучу 1 электротрицикл;

— шыпыруучулар үчүн жабдуулары менен арабасы бар 30 таштанды чогултуучу контейнер;

— шыпыруучулар үчүн 100 даана таштанды тергич.