Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча алгачкы жыйын өттү

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Отурумда өкмөт менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол компаниясынын ортосундагы Инвестициялык макулдашуу каралды. Натыйжада тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилип, мекемелер аралык комиссиянын иш процессинде пайда болгон маселелерди өз убагында сапаттуу чечүү жүктөлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.