Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор Баткенде жолукту

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткенде өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.

 

Маалыматка ылайык, келерки жолугушуу Тажикстанда өтөт.

 

Белгилеп кетсек, эки мамлекет ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Буга чейин өлкө президенттери 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан.