Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болуп дайындалды

Айбек Артыкбаев Кыргызстандын Монголиядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыккка президент Садыр Жапаров кол койду. Артыкбаев 2021-жылдын март айынан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп жаткан.

Монголиянын Бишкектеги Башкы консулдугу 2019-жылы президентинин катышуусу менен элчилик болуп ачылган жана бул өлкө алгачкы элчисин Бишкекке 2021-жылы октябрда жөнөткөн.

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле 30 жылдан ашты. Бул өлкөнүн президенттери Бишкекке 2012-жылы жана 2019-жылы келип кеткен.