Кыргызстандыктар микрокредиттерди көбүнчө керектөө муктаждыктары үчүн алышат

Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 29,9 млрд сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 561 миңге жакын адамды түздү.

 

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,6 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 26,6% көбөйдү.

 

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаары (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22%), Ош (16%дан ашык), Жалал-Абад (15%) жана Чүй (14%дан ашык) облустарынын алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн жарымынан ашыгы (50,7%) керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди, дээрлик 22% — айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%ы — соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%га жакыны курулушка багытталды.