Улуттук банк онунчу ирет интервенция менен валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк онунчу ирет интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул жолу 43 миллион 555 миң доллар сатты.

 

Кошумчаласак, жыл башынан бери жөнгө салуучу орган улуттук валютаны колдоо үчүн 500 миллион 195 миң доллар саткан.

 

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.