Ысык-Көлдө 160тай үй сел калдыгынан толук тазаланды

Ысык-Көлдө 160тай үй сел калдыгынан толук тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, селдин кесепетин жоюу иштерине 1 миңден ашык адам, 85 атайын техника тартылган. Тазалоо иштери бүгүн да улантылат.

 

Эске салсак, 18-август күндүз жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунда катуу жаан жаап, сел жүргөн. Андан 500дөй турак үй жабыркаганы буга чейин кабарланган.

 

Тоң жана Ысык-Көл райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.