Тоң районундагы Бөкөнбаев – Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу – Темир-Канат бөлүгүндө каттам жабык. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматы боюнча, күн мурун Зындан көлү жырылып, суунун деңгээли көтөрүлгөнгө байланыштуу №33 Жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери техникалардын жардамы менен суунун нугун жол тарапка бурушкан.
Мындай чара айылды суу каптоо коркунучун жоюу максатында көрүлгөн. Учурда жеринде тазалоо, калыбына келтирүү иштери уланууда.