Баткендеги Зардалы айылына каттаган жалгыз жол кеңейтилди

Унаа жана жолдор министрлиги Баткендеги Зардалы айылына каттаган жалгыз жолдун тар тилкелери тазаланып, кеңейтилгенин билдирди. Жумушту «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемеси аткарганын кабарлады.

«Жолчулар жалпы узундугу 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 53-85-чакырымындагы бир машина араң өтчү тилкени тазалап, кооптуу жерлерде кеңейтүү иштерин жүргүздү», — деп жазылган маалыматта.

Мындан туура бир жыл мурда «Кыргыз Интернет Коому» ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында Зардалыга интернет байланышын жеткирген.

2020-жылы «Ошэлектр» ишканасы аталган айыл электр энергиясы менен камсыз болорун билдирген. Анда 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 чакырым зым тартылары айтылган.

Баткендеги алыскы, шарты катаал Зардалы айылына машина менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо кыркасын бойлоп, кооптуу чыйыр жол менен жөө каттайт. Айылда бир башталгыч мектеп бар жана туруктуу жүздөй гана адам жашайт.