Бишкек – Ош жолунун 426-чакырымында таштар түштү

Бишкек – Ош жолунун 426-чакырымында таштар түштү.

 

Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, трасса бир тарапка жабылды. Учурда жеринде атайын техника тартылып, таштарды тазалоо иштери жүрүп жатат.

 

Андан тышкары, азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап жатат, бул багытта сапарга чыга турган айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүп, жол эрежелерин сактоо сунушталат. Кооптуу тилкелерде техникалык туз, кум себилүүдө.