Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандагы жогорку акы төлөнүүчү Топ-5 кесипти жарыялады. Маалыматка караганда, өлкөдө эң көп айлыкты тоо-кен, коммуникация жана байланыш тармагынын кызматкерлери алат – алардын орточо айлыгы 63 миң сомдон жогору.
Андан кийинки орунда финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагынын кызматкерлери — 62 миң 935 сом, кайра иштетүү өнөр жайынын адистери — 52,5 миң сом алышат.
5-орунда мамлекеттик башкаруу жана коргонуу кызматкерлери турат, алардын орточо эмгек акысы 47 миң 837 сомду түзөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.