Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды

Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп таанылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документте ошондой эле ак илбирсти коргоо максатында бир катар чаралар камтылган.

 

Белгилеп кетсек, ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн  12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ.