Өлкөнүн ички карызы жогорулады

Ушул жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматтарында айтылат.

 

Мунун ичинен 4 млрд 501 млн доллардан ашыгы тышкы карыз, ал эми 1 млрд 860 млн доллардан көбү ички карыз.

 

Бир ай мурдагыга караганда өлкөнүн тышкы карызы 39 млн сомго кыскарып, ички карыз 53 млн долларга жогорулаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.