Япония Баткен облусундагы жолдорду оңдоого грант бөлүп берет

Япония Баткен облусундагы жолдорду оңдоого грант бөлүп берет. Унаа жана жолдор министринин орун басары Акуналы Досалиев билдиргендей, аталган өлкө 5 миллион доллардан ашык каражатты кайтарымсыз негизде берүүгө даяр.

 

Бул суммага ошондой эле 53 даана атайын техника сатып алып, асфальт чыгаруучу завод куруу пландалууда. Чиновник белгилегендей, бул Баткен облусундагы жолдордун сапатын жакшыртууга шарт түзөт.