Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси  эл аралык валюта рыногуна 40 миллион 20 миң доллар чыгарып сатты. Бул жыл башынан берки үчүнчү интервенция.

 

Биринчисинде рекорддук 104 миллион доллар сатылса, экинчиси бир жума мурда болуп, анда 47 миллион чыгарылган. Улуттук банк валюта рыногуна доллардын кунун туруктуу сактоо үчүн кийлигишет.

 

Бирок каржылык операция натыйжа бере элек. Америкалык валюта күн сайын акырындап кымбаттап, учурда куну 88 сомдон ашты.