Кыргызстанда 70 миңге жакын адам таза суу менен камсыз болду

Жыл башынан бери Кыргызстандын 14 айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду. Бул 70 миңге жакын адамды түзөт.

 

Курулуш иштери мамлекеттик программанын алкагында Дүйнөлүк банктын донордук каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоор ишке ашырылган жети жылдын ичинде дээрлик 70 конушка таза суу киргизилген.

 

Ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен 260 айылда таза суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.