Кенелер сезону башталды. Буга байланыштуу, дарыгерлер сак болууга чакырат. Аталган курттардын активдешүүсү апрель-майда жана августтун акырында байкалат.
Адатта зоолдор Түп районунун өрөөндөрүндө, Ала-Арча жана Кегети капчыгайларында көп кездешет.
Жаратылыш койнуна чыккандар жабык кийинүүсү зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын энцефалит кенелеринен 1 миңге чукул адам жабыркайт.