Ирактын абактарында 41 кыргызстандык кармалып турат

Тышкы иштер министрлигинин 13-апрелде маалымдаганы боюнча, ушул тапта Ирактын абактарында кыргызстандык 41 жаран «Ирактын аймагындагы террордук ишмердүүлүгү үчүн» соттолуп, кармалып турат.

 

28-февралда Ирактан жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн эки кыргызстандык жаран алып келинген.

 

2021-жылы 16-мартта «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен кыргызстандык жарандардын 3-18 жаштагы 79 баласын кайтарылган. Быйыл 16-февралда «Айкөл» миссиясы аркылуу Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинген.

«Азаттык» Сириядагы согушка түрдүү жолдор менен кетип, ал жакта калып калган кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу маселесин көп чагылдырып келет.

Апрелдин башында Ирактын түрмөсүндө отурган кыргызстандык ондогон аял “Азаттыкка” кайрылып, мекенге кетүү үчүн жардам сурап, кыргыз бийлигине үнүн жеткирүүнү өтүнүштү.