ЖКККББ балдарга жолдо жүрүү эрежелерин эскертүүгө чакырат

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жаңы окуу жылынын алдында ата-энелерди балдарына жолдо жүрүү эрежелерин эскертүүгө чакырат.

 

Айрыкча, 1-класстын босогосун аттап жаткан окуучуларга үйдөн чыккандан тарта, мектепке чейинки аралыктагы жол чырактарды, жол белгилерди, жөө өтмөктөрдү көрсөтүп, үйдөн мектепке чейинки аралыктагы маршруттук чийинди жаттатып, көчөдө бара жатканда шашпай, жолдун чети менен басуу керектигин үйрөтүүнү өтүнөт.