Курсантбек Исаков жана Рустамжан Кахаров дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болушту. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Курсанбек Исаков алтын медаль үчүн беттеште Кубанын балбаны Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду.
Ал эми Рустамжан Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамзан Абдулкадыровду 7:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.