Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-августка чейин республика боюнча «Укук тартип» аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат.
Ал эми Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларда ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартылат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.