Табылган документтерди социалдык тармактарга жайгаштырбаш керек

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды табылган документтерди социалдык тармактарга жайгаштырбоого чакырат. Мекеме мындай билдирүүлөр жеке маалыматтардын купуялуулугун бузууга алып келерин белгилейт.

 

Паспорт же башка документ таап алган учурда Калкты тейлөө борборуна же Калкты каттоо департаментинин аймактар ​​аралык бөлүмдөрүнө тапшырган оң.