Орозо айтта 9 миңден ашык милиция коопсуздукту камсыз кылат

Ички иштер министрлиги Орозо айт майрамынын алдында жарандардын коопсуздугун күчөтүүдө.

 

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеменин бөлүмдөрү коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-алдын алуу мүнөздөгү күчөтүлгөн иш-чараларды өткөрүүдө. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.

 

Белгиленгендей, майрам күндөрү 9 миңден ашык милиция кызматкери укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылат.