Бишкек ЖЭБге көмүр ташылып келе баштады

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташылып келе баштады. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө 180 миң тоннаны түзгөн жогорку калориялуу көмүр келүүдө.

 

Жалпысынан күз-кыш мезгили үчүн 1 млн тонна көмүр алуу пландалууда.

 

Белгиленгендей, жеткирүүлөр келерки жылдын март айына чейин жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 200 миң тоннага жакын көмүр бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.