Бишкекте кийим тигүүчү кичи ателье ачылды

Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган жайда кичи тигүү ательеси ачылды.

 

Ателье Октябрь акимчилигинин жана Коргоо министрлигинин демилгеси, «Центр Ас-Сафа» коомдук бирикмеси жана «Авангард Билдинг» ЖЧК курулуш компаниясынын каржылык колдоосу менен ачылган.

 

Долбоордун максаты — үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн оор турмуштук абалынан чыгуу үчүн активдүү кадамдарга үндөө, социалдык коргоо тутумунан жетиштүү көз карандысыздыкка жана коомго толук кандуу катышууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө, үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү болуп саналат.

 

Администрация салтанаттуу түрдө ыраазычылык каттарын тапшырып, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи.