Бишкектин Мурас-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу башталды

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу башталды. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 280 орунга чакталат.

 

Имаратта оюн бөлмөлөрү, сактоочу жайлар, уктоочу бөлмөлөр, медициналык кабинет, окуу класстары жана техникалык жай каралган.

 

Учурга карата жеринде тосмолорду орнотуу, пайдубал куюу иштери жүрүүдө.