Кыргызстанда инфляция июль айында 4,1%га төмөндөдү

Кыргызстанда инфляция июль айында 4,1%га төмөндөдү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык баяндамасында айтылат.

 

Маалыматка ылайык, андан мурунку айда көрсөткүч 4,5% болчу. Мындай динамикага азык-түлүк сегментиндеги баанын басаңдашы өбөлгө болгону белгиленди.

 

Ошол эле учурда өсүмдүк майы, эт жана кантка дүйнөлүк баалар бир нече ай катары менен өстү, бул Кыргызстанда баалардын жогорулоосун жаратышы мүмкүн. Каржы институту жылдын жыйынтыгы менен инфляция 4,3%ды түзөт деп божомолдоодо.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.