Кыргызстан ЕРӨБдөн 47 млн евродон ашык насыя алат

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 47 млн евродон ашык насыя алат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде экинчи окууда жактырылды.

 

Каражат Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу үчүн жумшалат. Маалыматка ылайык, акчанын 44 млн евросу насыя, 3 млн евродон ашыгыраагы грант болуп саналат.

 

Насыянын мөөнөтү 20 жыл, анын 5 жылы жеңилдетилген мезгил болуп эсептелип, пайыздык чени 1 пайызды түзөт.