Билим күнүндө коопсуздукту 4 миңден ашык милиция камсыздайт

Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чараларда ички иштер органдарынын 4 миңден ашык кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, сейил бактардын аймактарында, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде жөө жана көчмө кайгуулдар тартылат.

 

Ошондой эле министрлик мектептердин жанында жол коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, айдоочуларды өтө этият болууну эскертет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.