Калың жааган кардан улам Казарман-Акталчат жолунун бир бөлүгү жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, чектөө жолдун 44-чакырымынан 99-чакырымына чейин киргизилди. Айдоочулар бул тилкеден түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолу менен айланып өтсө болот.
Ошондой эле, Өтмөк ашуусундагы айрым аймактарда кар күрткүлөрү пайда болуп, учурда тазалоо иштери жүрүүдө.
Чоң-Ашуу болсо, кар көчкүдөн тазалангандан кийин бир тилкеси ачылды.