Кыргызстанда жеке менчик клиникаларды текшерүү уланат

Кыргызстанда жеке менчик клиникаларды текшерүү уланат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

 

Адистер жарандарга канчалык деңгээлде кызмат көрсөтүлүп жатканын тактап алууну пландап жатышат. Топ эки ай иштеп, андан соң жеке клиникалардын ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу жана жакшыртуу боюнча сунуштарын президенттик аппараттын кароосуна киргизет.