ӨКМдин издөө-куткаруу тобу Түркиядан кайтууга даярданышууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу тобу Түркиядан кайтууга даярданышууда.

Бул тууралуу аталган мамлекеттеги Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

Кыргызстандыктар издөө иштеринин алкагында урандылардын астынан жалпысынан 8 адамды аман алып чыгышты.

Куткаруучулардын мекенге жөнөтүлүшү боюнча чечим Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги тарабынан бүгүн кабыл алынат.

Белгилеп кетсек, Түркияда жер титирөөгө байланыштуу Кахраманмараш менен Хатайдан башка бардык шаарларда издөө-куткаруу иштери аяктады.