Кыргызстанда 25-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Мырза-Аке— Кара-Кулжа— Алайкуу, Бишкек — Нарын —Торугарт, Казарман — Ак-Тал — Чат, Каракол — Эңилчек, Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Айдоочуларга сак болуу сунушталат.