Кыргыз-өзбек чек ара кызматындагы өткөрүү түйүндөр кадимки тартипте иштеп жатат

Кыргыз-өзбек чек ара кызматындагы өткөрүү түйүндөр кадимки тартипте иштеп жатат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, жайкысын, тактап айтканда, 10-августтан тарта “Достук” пункту аркылуу өткөн жүргүнчүлөрдүн саны кескин көбөйгөн.

 

Бул Ош облусундагы базарлардын иштеши, студенттердин окуусуна кайтышы жана туристтик сезонго байланыштуу көрүнүш. Ведомстводон белгилешкендей, “Достук” түйүнүндө чек арадан өтүп жаткан жарандар үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.