Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы протоколго кол койду

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жаңы протоколго кол коюлду. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өттү.

 

Анда кыргыз-тажик чек арасында калган тилкелерди андан ары тактоону активдештирүү макулдашылып, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмалар берилгени айтылат.  Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт.

 

Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылга чейин 519 чакырымы толук такталган. Ал эми тактала элек тилкелерде жаңжалдар чыгып турган.