Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев билдирди.

 

Анын айтымында, Баракта 980 киши жашайт жана  97 үй-бүлөнүн турак жайы, социалдык мекемелер бар. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 58 кызматкери социалдык объектилерди бузуу иштерин жүргүзүп жатат. Көчүрүлүп келгендерге бардык социалдык колдоо көрсөтүлөт, — деди Абыкеев.

 

Белгилеп кетсек, Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп саналчу. Ал чек арадан 1,5 чакырым Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде жайгашкан.