Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурга карата пунктта 500дөй жүк ташуучу машина кезекте турат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, эки өлкөнүн чек ара кызматтары тарабынан чектөөлөр киргизилген эмес, кезек сезондук көрүнүш болуп, айыл чарба продукциясын ташуу көбөйгөнүнө байланыштуу.